Ошто эки унаа сүзүшүп, кырсыктан 6 адам жабыркап, 10 жаштагы кыз жан берди

14 август 2018 22:00 1252 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ошто эки унаа сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 6 адам жабыркап, алардын ичинен 10 жаштагы кыз каза болду. Бул туурасында Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматта айтылгандай, 26 жаштагы киши Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унааны батышты көздөй айдап бараткан. Ал каршы тилкеге чыкканда рулду башкара албай калып Daewoo Matiz менен бет маңдай кагышкан. Минивэндин ичинде төрт адам, жеңил унаанын ичинде үчөө болгон. Жаракат алгандар жакынкы аралыктагы ооруканага жеткирилип, жардам көрсөтүлүүдө. Ал эми 10 жаштагы кыз ооруканага жеткенде жан берген. 

Окуя бүгүн, 14-августта, саат 8.00дө Бишкек — Ош трассасынын 649-чакырымында, Кара-Суу районунун аймагында болгон. Кырсык тууралуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. 




Ссылка: https://barometr.kg/oshto-eki-unaa-szshp-kyrsyktan-6-adam-zhabyrkap-10-zhashtagy-kyz-zhan-berdi



Добавить комментарий