Ошто 4-кабаттан апасы менен кошо кулаган наристенин абалы оор бойдон калууда

11 сентябрь 2018 13:05 1562 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошто 4-кабаттан энеси менен кошо кулаган наристенин абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

Маалым болгондой, баланын баш мээси жаракат алган. Дарыгерлер наристенин башында пайда болгон шишикти алып салуу чечимин кабыл алышты. Ал эми анын энесинин абалы туруктуу. 

Эске салсак, 6-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында  балалуу аял Ош шаарындагы Урицкий кѳчѳсүндѳ жайгашкан кѳп кабаттуу жатакананын 4-кабатында коридордун ачык турган терезесинен кулаган. Ал Чүй облусунун 1978-жылы туулган тургуну экени, колундагы уулу 2018-жылдын февраль айында төрөлгөнү  белгилүү болгон. Окуянын кесепетинен экѳѳ тең денесинен жаракат алып, тез жардам кызматынын дарыгерлери аларды эки башка ооруканага жеткирген.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-4-kabattan-apasy-menen-kosho-kulagan-naristenin-abaly-oor-bojdon-kaluuda



Добавить комментарий