Ошто 21 жаштагы келин кумшекер төгүп алгандыгы үчүн таяк жеп, өз өмүрүн кыйган

14 ноябрь 2018 11:25 6915 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Өзбекстандын аймагындагы Шаркан-Сай каналынан 21 жаштагы келиндин cөөгү табылды.

Өткөрүлгөн экспертизанын жыйынтыгында күч колдонуу белгилери байкалган эмес. Бирок, маркумдун кошуналарынын айтымында, ошол күнү уруш-жаңжал болуп, келин кумшекер төгүп алгандыгы үчүн күйөөсү менен кайненесинен таяк жеген. Бул фактынын негизинде "келинди өз өмүрүн кыюуга жеткирген" деген версия каралууда.

Маалыматка ылайык, каза болгон келин Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургуну болгон. Маркумдун атасы кызын 2-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткандыгын айтып, милицияга кайрылган.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-21-zhashtagy-kelin-kumsheker-tgp-algandygy-chn-tayak-zhep-z-mrn-kyjgan



Добавить комментарий