Ошто өзгөчө кырдаал киргенден бери машинаны ичип алып айдаган 57 айдоочу кармалды

1 май 2020 14:07 1659 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунун аймагында "Өзгөчө абал" жана "Өзгөчө кырдаал" тартиби киргизилген күндөн баштап Ош облустук ИИБы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн, медицина кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте Ош облусунун аймагындагы санитардык-карантиндик посттордо күнү-түнү кызмат өтүшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Ошондой эле, жол кыймылын көзөмөлгө алган кызматкерлерден турган мобилдик топтор күндүзү жана түнкү убакта убакыттын талабын, коменданттык сааттын тартибин так сактоо багытында жарандар арасында жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. 

Ош облусунун аймагында 20-марттан баштап, 30-апрелге чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жалпы болуп 625 жолу жол кыймылынын эрежелерин бузган учурлары аныкталып, бузуулар тууралу протокол түзүлдү. Алардын ичинен:

- унааны спирт ичимдигин ичип алып башкаргандар-57 учур;
- автоунаанын алдынкы айнегин караңгылатып алып, башкаргандар-15 учур;
- тийиштүү документтери жок унаа башкарган-35 учур.

Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу унаа токтотуучу жайларга - 96 унаа киргизилген. Жол кырсыктарынын саны үч эсе кыскарды.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-2020-zhyldyn-20-martynan-bashtap-30-aprel-kndr-625-zhol-erezhe-buzulgan



Добавить комментарий