Ошто бир килограммдан ашык баңги заты менен Кара-Суу районунун жашоочусу кармалды
Бөлүшүү:
Ошто 1000 граммдан ашык наркотикалык зат менен 1991-жылы туулган У.З аттуу Кара-Суу районунун жашоочусу кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Берилген маалыматка ылайык, 6-июль күнү кечки саат 23.40 чамасында Кара-Суу районунун Салиева көчөсүндө ыкчам-изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн натыйжасында табылган зат химиялык изилдөөлөрдүн негизинде курамында баңги заты бар экендиги аныкталган. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Добавить комментарий ×