Ошто акциздик марканы туура эмес чаптап спирт ичимдиктерин саткандар кармалды

20 март 2020 12:43 517 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы рейдди жүрүшүндө «Кальвадос и Бренди» ЖЧКга таандык кампадан бөтөлкөнүн көлөмүнө дал келбеген акциздик маркалар чапталган алкогодук продукцияны сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу  МСКнын басма сөз кызматы билдирди. 

0,1 жана 0,2 литрге чапталуучу акциздик маркалар жарым литрге, 0.01 литрге чапталуучулар 0,2 литрге чапталгандыгы аныкталган.

Жыйынтыгында «Винап Алко» ЖЧКсы өндүргөн 6174 бөтөлкө спирт ичимдиктери (коньяк, бренди, кальвадос жана виски) тартып алынды. 

Материалдар тиешелүү чараларды көрүшү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.


Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynda-taranyn-klmn-dal-kelbegen-akcizdik-markalar-chaptalgan-alkogol-tartyp-alyndy



Добавить комментарий