Ошто өрт куткаруучу дезинфекциялоочу система ойлоп тапты

27 май 2020 16:37 2508 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын 29-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучусу сержант Төрөмурзаев Аяз дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан коронавирус илдетинин өлкө аймагына жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында күн сайын дезинфекциялоо иштерине катышкан. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.  

Аяз өзү жооптуу болгон санитардык блок-постко кызмат өтөп жаткан учурунда, жумушту жеңилдетип, убакытты сарамжалдап жана куткаруучулардын коопсуздугу үчүн дезинфекциялоочу система иштеп чыкты.

Учурда дезинфекциялоочу система Ош шаарынын чыгыш тарабында жайгашкан "Арка" санитардык карантиндик постунда орнотулду.  Эскертке кетсек, аталган постто сутка ичинде кеминде 5000ден ашуун автоунаалар өтөт. 

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynda-rt-kutkaruuchusu-dezinfekciyaloochu-sistema-ishtep-chykty



Добавить комментарий