Ош шаарында айдоочу рулду башкара албай унаа каналга түшүп кетти
Бөлүшүү:
Ош шаарында, 29 жаштагы айдоочу рулга ээ боло албай унаасы менен каналга түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 26-ноябрда Тилеке Баатыр көчөсүндө “Опель Астра” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа Ак-Буура каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 1991-жылы туулган унаанын айдоочусу жабыркаган.
КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жеткенге чейин жабыркаган адамды тез жардам унаасы менен алып кетишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynda-ajdoochu-ruldu-bashkara-albaj-unaa-kanalga-tshp-ketti
Добавить комментарий ×