Ош облусундагы турмуш-шарты оор, жалгыз бой мугалимдерге гуманитардык жардам берилди

20 апрель 2020 14:56 966 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусундагы 360 мугалимге берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, билим берүү кызматкерлеринин Өзгөн райондук бөлүмү тарабынан райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринин турмуш шарты оор кызматкерлерине, жалгыз бой энелерге, азык-түлүк баштыкчалары жана антисептикалык каражаттар таркатылды.

Жалпысынан 165 профсоюз мүчөсүнө 145 325 сомдук жардам берилди.

Эске салсак, 20-апрелге карата Кыргызстан боюнча 568 кишиге коронавирус жугуп, жети киши каза болду.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusundagy-turmush-sharty-oor-zhalgyz-boj-mugalimderge-gumanitardyk-zhardam-berildi



Добавить комментарий