Ош базарында өрттөнүп кеткен "Берекет" соода борборунун жанындагы орунга жаңы соода борбору курулат

21 июнь 2018 04:05 2419 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош базарында өрттөнүп кеткен "Берекет" соода борборунун жанындагы орунга  жаңы соода борбору курулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Учурда эски темирлерди, таштанды калдыктарды тазалоо иштери аягына чыгып калды. Сейсмология инстититунун экспертизасы өрттөн кийин базардын пайдубалы кайра иштетүүгө жарабай калгандыгын көргөзгөн.

Соода борбору салынгандан кийин, өрттөн зыян тарткан соодагерлерге жеңилдетилген негизде соода аянттары берилет. Алар биринчи жарым жылдыкта акы төлөбөйт. Азырынча мэрия аларга убактылуу соода жайларын берип, материалдык жардам көрсөткөн.

Эске салсак, жыл башында Ош базарында үч жолу өрт чыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-bazarynda-rttnp-ketken-bereket-sooda-borborunun-zhanyndagy-orunga-zhay-sooda-borboru-kurulat



Добавить комментарий