Ош базары мыйзамсыз көрнөк жарнактардан тазаланды

15 май 2019 10:36 1400 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын кызматкерлери менен Бишкек шаарынын мэриясынын №1 МАБ адистери биргелешип, Ош базарынын жанындагы Чүй проспектисинде илинген мыйзамсыз көрнөк-жарнактарды тазалап чыгышты. Мэриянын басма-сөз кызматы берген маалыматка таянсак, жарнамалык мамы, панно жана жол жээгиндеги иретсиз илинген жарнактарды аргасыз демонтаждоо иштери жүргүзүлгөн.

Мындай демонтаждоо иштеринин алдында   «Бишкекбашкыархитектура» МИ адистери ишкерлерге мыйзамсыз илинген жарнактарды өз алдынча тазалоо үчүн атайын билдирүү берилген. Бирок, көп ишкерлер администрациянын талаптарын аткарышкан эмес. 

«Бишкекбашкыархитектура» МИ жана №1 МАБ кызматкерлеринин күчү менен бир нече саат ичинде эле 45 жарнамалык түзүмдөр: мамы, панно жана көрнөктөр алынып салынган.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-bazary-myjzamsyz-krnk-zharnaktardan-tazalandy



Добавить комментарий