Бишкектин транспорт тармагын тескеген вице-мэри алмашты
Вице-мэр Русланбек Акылбеков ээлеген кызматынан бошотулду.Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, тиешелүү буйрукка мэр Айбек Джунушалиев кол койду, Русланбек Акылбеков башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан кетти.
Башка бир буйруктун негизинде санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэр болуп Таалайбек Орозов дайындалды.Буга чейин ал өкмөткө караштуу Санариптик өнүгүү мамлекеттик кызматын бир ай жетектеген. «Глобал Индастриал Девелопмент» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору кызматын аркалган. Бир катар мамлекеттик кызматтарда, президенттин админитрациясында иштеген.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-transport-tarmagyn-teskegen-vice-meri-almashty
Добавить комментарий ×