Ош-Баткен-Исфана жолунда 19 тонна газ ташып бараткан оор жүк ташуучу унаа оодарылып кеткен

27 июнь 2018 22:05 1729 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусунун Кадамжай районунда 2018-жылдын 26-июнь күнү саат 16:33 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 101-чакырымында (Бак тилкеси) «Ренаулт» үлгүсүндөгү  газ ташып бараткан оор жүк ташуучу унаа (19 тонна газ болгон) жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министирлиги кабарлайт.

Жерине КР ӨКМнин №75 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучуларынын куткаруучулары, райондук суу чарба башкармалыгынан  1 кран, жеке менчик 1 кран жана 1 жүктөгүч тартылып, унааны тургузушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-batken-isfana-zholunda-19-tonna-gaz-tashyp-baratkan-oor-zhk-tashuuchu-unaa-oodarylyp-ketken



Добавить комментарий