Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда камаз оодарылып кетип 3 адам каза болду
Бөлүшүү:
Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда камаз жолдон чыгып оодарылып, 3 адам окуя болгон жерден мерт кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта берилгендей, 2018-жылдын 9-декабрь күнү саат 05:36 Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 337-чакырымында (Белес тилкеси) “КамАЗ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1979-жылы туулган Х.Н. аттуу жаран, 1985-жылы туулган К.М. аттуу жаран жана 1993-жылы туулган М уулу А. аттуу бала каза болгон.
Куткаруучулар кырсык болгон жерге барышып, камазга басылып калган жансыз денелерди чыгарып беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-batken-isfana-unaa-zholunda-kamaz-oodarylyp-ketip-3-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×