Видео, фото. Омскиде краны бар унаанын айдоочусу уктап калып Кыргызстандык КаМАЗды сүзүп алды
Орусиянын Омск шаарында краны бар унаанын айдоочусу уктап кетип кыргызстандык КаМАЗды сүзүп алды. КаМАЗдагы 3 кишинин буту сынды. Бул тууралуу newsomsk.ru сайты жазды.
Окуя бүгүн таңкы сааттарда катталган.
Омск шаарынын федералдык трассасынын Р-254 участкасында ISUZU маркасындагы краны бар унаа Кыргызстандан бараткан КаМАЗ менен кагылышкан.
Алдын ала маалыматта крандын айдоочусу уктап кетип, КаМАЗдын кабинасын ичиндегилери менен кошо кадап салган. Кырсыктын күбөлөрү аларды күч менен чыгарып алышкан.
КаМАЗдагы 3 киши баары буту сынып, жаракат алышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/orusiyada-kyrgyzstandyktar-katyshkan-zhol-kyrsygy-kattaldy
Добавить комментарий ×