Орус-казак чек арасында топтолуп тургандардын бир бөлүгү Кыргызстанга чыгышат

24 сентябрь 2020 13:44 932 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Орусиянын Оренбург, Самара облусунда, Башкортостан жана Татарстанда бир нече күндөн бери топтолуп турган Кыргызстандын жарандары 24-сентябдан тарта мекенине аттанышат. Алар Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик коридор менен жеткирилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Мекенине келүүнү каалап чек арада турган жарандардын көптүгүнө байланыштуу Россиядан мекендештерибизди  алып келүү бир нече этапта автобустардын колонналарында жүргүзүлөт. Автобустардын биринчи колоннасы  бүгүн, 24-сентябрында, кечинде жолго чыгат", -деди аталган министрликтен.

“Бул акция бир жолку мүнөздө гана уюштурулду. Россия менен Казакстандын чек арасынан өтүүнү каалаган жеке адамдар үчүн чек ара дагы да болсо жабык бойдон турат. Андыктан өзүм билемдикке салып чек арага келбей турушуңуздарды өтүнөбүз”, -деп кошумчалады Тышкы иштер министрлиги.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Россия Федерациясынын аймагында жүргөн кыргыз жарандарын дагы бир жолу, Россия-Казак мамлекеттик чек арасы ачылганга чейин келбей турууга чакырат.

Ошол эле учурда, министрлик Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ушул жылдын 20-сентябрында кабыл алган чечимине ылайык, Россия менен Кыргызстандын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдары калыбына келтирилгенин маалымдайт.

Ссылка: https://barometr.kg/orus-kazak-chek-arasynda-toptolup-turgandardyn-bir-blg-kyrgyzstanga-chygyshat



Добавить комментарий