Орхан Инанды расмий түрдө чек арадан өткөн эмес, издөө уланууда
"Сапат" лицейинин президенти чек арадан расмий түрдө өткөн эмес. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, күнү-түнү издөө иштери жүрүп жатат. Издөө иштерин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө-оперативдик бөлүмдөрүнүн тажрыйбалуу кызматкерлери алып барууда.
Укук коргоо органдары ондогон күбөлөрдү аныктап, суракка алышты.
Ошондой эле, Орхан Инанды уурдап кеткенден бери коомдук жайларды, мейманканаларды, базарларды жана соода борборлорун текшерүү менен алектенген ыкчам-мобилдик топтор түзүлгөндүгүн белгиленди. Мындан тышкары, сейил бактар, токойлор, курулуш аянтчалары, жер төлөлөр, чердактар, жаңы имараттар, турак жайлар текшерилди.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, борбор калаанын кире бериштеринде автоунааларды текшерген көчмө жана стационардык посттор жайгаштырылган.
Эске сала кетсек, кылмыш ишинин тергөө амалдары Бишкек ШИИББнын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынган.
Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 31-майда кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.
Президент Садыр Жапаров да дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча УКМКга жана ИИМге тапшырма берген. Ал күчөтүлгөн тарипте изделип жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/orhan-inandy-rasmij-trd-chek-aradan-tkn-emes-izd-ulanuuda
Добавить комментарий ×