Орхан Инанды 2010-жылы эле Түркиянын жарандыгынан баш тарткан

23 сентябрь 2021 14:08 2089 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Кыргызстандык адвокаттар Орхан Инанды менен байланышты”,-деп билдирди адвокат Таалайгуль Токтакунова социалдык баракчасы аркылуу.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда Түркияда болгон сотто ал аталган өлкөнүн жараны эмес экенин айткан.

“Мен Кыргызстандын жаранымын, Түркия мени соттогонго укугу жок”,- деп айткан ал Түркияда болгон сотто.

Жактоочу билдиргендей, Инанды Кыргызстандын адвокаттарына 2010-жылы эле ал Түркиянын жарандыгынан баш тартканын ырастаган.

“Кыргыз жарандыгын алып жаткан кезде аларга Түркиянын жарандыган баш тартканы тууралуу арыздын көчүрмөсү берилген. Биздин компетенттүү органдар бул тууралуу унчукпай жана Орхан Инандыны башка жарандыкта деп көрсөтүүгө аракет кылып жатканы таң калыштуу”,-деп жазды жактоочу.

“Орхан Инанды Кыргызстанда жараны болгон жана дагы эле ошол бойдон турат. Биз өзүбүздүн жаранды өз колубуз менен берип салганыбыз өкүнүчтүү, эмдигиче “иштин күнөөлүүлөрү” аныкталбаганы жана биздин жаранды  өз эркинен тышкары алып кетүүгө жол берген чек арачылар кылмыш жоопкерчилигине тарбылбаганы өкүндүрөт”,-дейт адвокат.

“Биздин жараныбыз, көптөгөн биздин балдардын окутуучусу катуу кыйноолорго кабылып жатканы өкүндүрөт. Ушул кезге чейин өзүнүн окуучуларына, мугалимдерге кабатырланып жатканы үчүн ага ырахмат жана ким ага кыргыз элинин атынан салам дубай жолдосо аларга дагы ырахмат”,-деп ыраазчылык билдирди Таалайгуль Токтакунова өзүнүн кардарына.

Эскерте кетсек,  5-июлда Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды MIT – Улуттук чалгындоо уюмунун (Milli Istihbarat Teşkilatı) оперциясынан  улам кармалып Түркияга жеткирилгенин айткан.

Кыргызстандын жараны Орхан Инанды Бишкекте 1-июнда дайынсыз жоголгон.Түркиянын атайын кызматтары эл аралык келишимдерге ылайык Кыргызстандын аймагында бийликтин уруксаты жок атайын оперцияларды жүргүзүү укугуна ээ эмес.

Кыргызстандын коомчулугу түрк атайын кызматтарынын кыргызстандыкты уурдап кетишине абдан нааразы болушкан.

6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кылган.

Орхан Инанды атайын кызматтар тарабынан кармалгандыгы тууралуу маалымат элге айтылгандан кийин Түркиянын ЖМКлары анын кыйналган сүрөтүн жарыялашкан.

Кыргызстандын коомчулугу Инандыга кыйноо көрсөтүлүп жатканын болжоп нааразы болушкан.

Укук коргоочулар Кыргызстандын бийлигинен Орхан Инандыны Бишкекке экстрадиялоону талап кылышкан. Бирок тиешелүү мамлекеттик органдар азырынча бул тууралуу маалымат бере элек. Болгону коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Талант Мамасадыков Кыргызстан өзүнүн жаранын мекенине экстрадициялоону талап кылыш керектигин билдирген.

Орхан Инанды кармалгандан кийин бир айдан кийин аны уурдап бара жатышкандар сындарган колун операция кылышкан.

Жакында Кыргызстандын чек арачыларына Орхан Инандыны уурдоого мүмкүндүк беришкендиги үчүн кылмыш иши козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/orhan-inandy-2010-zhyly-ele-trkiyanyn-zharandygynan-bash-tartkan



Добавить комментарий