"Операция өтө оор болду". Камчыбек Ташиевге Германиядан операция жасалды

13 февраль 2021 09:43 4009 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кече, 12-февралда Германияда жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Урматтуу мекендештер!

Камчыбек Ташиев агабызга жасалган бүгүнкү хирургиялык операция өтө оор жүрдү. Операцияга Берлин убактысы боюнча саат 8:00дө кирип, саат 18:30да гана өзүнө келди. (Бишкек убактысы боюнча13:00дөн 23:30га чейин). Операция 3 саатка созулган”, - деп жазды журналист.

Ошону менен катары эле, Ташиев ага дуа кылып, аман-эсен сакайып кетишин Кудайдан тилеп жаткан мекендештерине ыразычылыгын билдирген.

“Эли  журтума өтө ыраазымын. Менин өмүрүмдү Аллахым жана элимдин дубасы сактап калды. Экинчи ирет туулдум окшойт. Эмки жашоо мага элимден белек. Демек, мен да элиме татыктуу кызматым менен, элиме кылган эмгегим менен жооп беремин!" – деди Ташиев деп жазды журналист.

Ссылка: https://barometr.kg/operaciya-t-oor-boldu-kamchybek-tashievge-germaniyadan-operaciya-zhasaldy



Добавить комментарий