ONE FCнин экс-чемпиону Себастьян Кадестам кыргызстандык Аббасовду куттуктап, эскертүү берди

28 октябрь 2019 14:38 2263 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эрежесиз эр уруштун чебери, кыргызстандык мушкер Аббасовду чемпиондук кур үчүн беттеште жеңилген атандашы Себастьян Кадестам куттуктады.

Наамынан куру калган Кадестам өзүнүн Instagram баракчасына билдирүү калтырып, астына Кямранга сол колу менен сокку уруп турган сүрөтүн койгон. Анда ал күнү ийгилик Кямран Аббасов тарапта болуп, жеңишке жетишкени менен куттуктап, кайра чыгаарын эскерткен.

Бул күн мен үчүн ийгиликсиз күн болду. Кямран Аббасовду куттуктайм. Ал мыкты беттеш өткөрдү. Мен мурдагыдан да күчтүү болуп, кайра келем. Жакында кезигебиз, чемпион”, - деген таризде билдирүү калтырган.

Эске сала кетсек, 25-октябрда кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов ONE Championship мушкерлер мелдешинин жарым-орто салмагынын чемпиондук наам үчүн беттеште швециялык Себастьян Кадестам’ды жеңип алган.

Ссылка: https://barometr.kg/one-fcnin-eks-chempionu-sebastyan-kadestam-kyrgyzstandyk-abbasovdu-kuttuktap-eskert-berdi



Добавить комментарий