Кыргызстанда WhatsApp жана Instagram эмне үчүн иштебей калган?

20 март 2021 10:48 2079 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кече, 19-март күнү кечинде Instagram жана WhatsApp Кыргызстанда бир нече убакытка чейин иштебей калган. Кыргызстанда эң актуалдуу колдонулган эки социалдык тармактын эмнеге иштебей калганы тууралуу “Барометр” саресеп салып көрдү.

Белгилүү болгондой, эки социалдык тармакка тең ээ болгон фейсбукта глобалдык өчүрүүлөр болгон. Кыргызстандагыдай көйгөйлөр дүйнө жүзү боюнча байкалган.

Аталган эки кызмат кече, 19-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 23:00 чамасында иштебей калган. WhatsApp тиркемесинде, серверге туташуу менен байланышкан көйгөй пайда болсо, Instagram колдонуучулары аны жүктөөдө жана кирүүдө көйгөйлөр болуп жаткандыгына нааразы болушкан.

Азырынча, жогорудагы социалдык тармактарга ээлик кылган фейсбук компаниясы көйгөйлөр тууралуу расмий маалымат бере элек. 

Ссылка: https://barometr.kg/keche-kechinde-kyrgyzstanda-whatsapp-zhana-instagram-emne-chn-ishtebej-kalgan



Добавить комментарий