Олжобай Шакир уулунун тагдырын айтып, “Кырк чорого” каршы чыкты
“Өздөрүн «Кырк чоронун» өкүлү санаган сомодой «жигиттерибиз» бүгүн урунарга тоо, урушарга жоо таппай турганы – барып турган караңгылык!”,-деп жазды акын жана жазуучу Олжобай Шакир ruhesh.kg сайтына.
“Демократия багытында өнүгүү жолун тандаган Кыргызстан феодалдык-патриархалдык түшүнүктөн арылбаган топтордун басым-кысымы алдында калууга тийиш эмес. Укуктуу мамлекет курабыз десек, коомчулук башкаларды өктөмдүк менен тартипке салабыз деген булардын аракеттерине жол бербеши керек!
Ансыз да «Кырк чоронун» буга чейинки аракеттери – тек гана улут намысын бетке карманган чайкоочулук экенин баамдагандай болдук ко. Булар зордук-зомбулук аракеттери менен коомго эмне өрнөк көрсөттү?! Өлкөдө жумушсуздуктун айынан сойкулук тагдырга кабылган кыз-келиндерди уруп-сабап ыдык көрсөткөндөрүн – көкүрөгүндө мен кыргыздын урпагымын деген сезими бар кайсы нормалдуу адам эрдик катары кубатташы керек?! Мына эми «кырк чорочулар» 13-март күнү дагы күүлөнүп, 8-Марттагы аялдардын Эл аралык майрамына карата аялдардын жана ЛГБТ чөйрөсүндөгүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюшулган акцияга уруксат берип койгон калаа мэри Азиз Суракматовдун кызматтан кетишин талап кылып митинг уюштурмай болушууда. Бу эмне деген зөөкүрчүлүк?! ЛГБТ чөйрөсүндөгүлөр асмандан түшүппү? Алар да «кырк чорочулар» сыяктуу эле энеден туулган сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү! Болгондо да Кыргызстанда туулуп-өскөн, тарбияланган, билим алып чоңойгон жаштар! Болгондо да коомдун эң аярлуу, эң талылуу катмары ошолор бүгүн.
Алар деле кыргыздын кара көз, кара чечекей урпактары! Алардын болгон айыбы – Кудайдын кудурети менен бири – лесбиянка, бири – гей, бири – бисексуал, бири – трансгендер (өзүмдүн уулум да трансгендер тагдырына тушуккандардан – О.Ш.) болуп туулуп калганы. Алар эмне өз каалоолору менен ошондой болуп төрөлүп калыптырбы?! Бул алардын маңдайына жазылган тагдыр! Ошол тагдырлары үчүн биз аларды коомдон четтетип коё турган таштанды эмес, тирүү жандар алар дагы! Алардыкы сексуалдык кумар да эмес, болгону табияттын табышмактуу мыйзамы… Адегенде «кырк чорочулар» арасында кайсы бири антропология илиминен кабары болбой туруп эле – мындай көрүнүштү Батыш өлкөлөрүнөн келген шумдук катары кабыл алып, ар кандай божомол-дөдөмөл түшүнүктөрү менен коомдун үрөйүн учургандарына жол болсун”,-деп жазды жаны кейиген акын.
Эскерте кетсек, 8-март аялдардын күнүнө карата Бишкекте аялдардын укугун коргоо боюнча жүрүш өтүп, ага 400гө жакын адам катышкан. Алардын арасынд ЛГБТ- коомчулуктун өкүлдөрү да парад өткөргөн. Ошондон бери кыргыз коомчулугунда бул маселе кызуу талкууланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/olzhobaj-shakir-uulunun-tagdyryn-ajtyp-kyrk-chorogo-karshy-chykty
Добавить комментарий ×