Видео. Активисттер гей-парад тууралуу: Улуттун баалуулуктарына шек келтиргендерди "айрыйбыз"
“8-мартта Бишкекте өткөн митингге активсттер гана эмес транссексуалдар, бисексуалдар жана гейлер катышты. Биз буга нааразыбыз”,-деп билдиришти бүгүн, 11-мартта Бишкекте болгон маалымат жыйынында активисттер.
Данияр Болтуруков, Улан Курманбаев,Толкунбек Кожобеков, Урмат Качаганов, Наристе Калчаевдер 8-мартта Бишкекте өткөн жүрүш провакациялык мүнөздө болгонун эскертишип, мындай жүрүшкө жол бергендерди жоопко тартууну талап кылышты.
“Эгер бул күнү мындай жүрүштү пландап жатышканын билсек, биз жол бербейт элек. Бул биздин улуттук баалуулуктарыбызга, дегеле өлкөбүздүн саясатына каршы келет”,-деп билдирди Болтуруков.
Эскерте кетсек, 8-мартта Бишкекте аялдардын угун коргоого арналган жүрүш болуп, ага 200гө чукул адам катышкан. Жүрүшкө ЛГБТ өкүлдөрү катышып, буга жергиликтүү “Кырк чоро” тобу нааразылык билдирип, калаа башчысынын кызматтан кетүүсүн талап кылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/aktivistter-uluttuk-baaluuluktaryna-shek-keltirgender-karshybyz
Добавить комментарий ×