Олимпиада оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 млн сом берилет

13 июль 2021 16:10 1598 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Токиодогу жайкы Олимпида оюндарында алтын медаль алган спортчуга жакшы сыйлык ыйгарылат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Бүгүн, 13-июлда өкмөт башчы Улукбек Марипов Токио оюндарынын жеңүүчүлөрүнө 10 млн сом (алтын медаль), 7 млн сом (күмүш медаль) жанаи 5 млн сом (коло медаль) берилерин убада кылды.

Башкы машыктыруучуга спортчуга берилген сыйлыктын 30 пайызы, ал эми улук машыктыруучу менен жеке машыктыруучуга сыйлыктын 25 пайыз берилери да айтылды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/olimpiada-oyundarynda-altyn-medal-utkan-sportchuga-10-mln-som-berilet



Добавить комментарий