Окуучулар июнь, июль айларында дагы окуйбу? Министрликтин жообу
Кыргызстанда коронавирус боюнча түзүлгөн кырдаалдан улам мектеп окуучулары үчүн дистанттык окутуу методу колдонулуп жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйында билдирди.
Ал өз сөзүндө учурда Кыргызстандагы бардык мектептерде онлайн окутуу системасын киргизүү аракеттери кызуу жүрүп жатканын айтты. Өмүрөв андан сырткары ар кайсы предметтер боюнча сабактар видеого жазылып, телевидениеден көрсөтүлө турганын кошумчалады.
“Азыр биз окуу ыргагын үзгүлтүккө учуратпоого аракет көрүп жатабыз. Менин оюмча июнь, июль айларында окуу болбойт”, —деди ал.
Андан сырткары окуу процессин убагында бүтүрүп, мамлекеттик экзамендерди маалында өткөрүү пландалып жатканын белгиледи. Ошондой эле, ЖРТны жокко чыгаруу маселеси учурда каралбаганын, себеби, мыйзам боюнча тест тапшыруу керектигин айтты.
"Анын өткөрүү убактысын жылдыруу каралышы ыктымал. Тесттер май айында болот. Алардын бардыгы жагдайга жараша болот", деди ал.
Министрдин орун басары азырынча ЖРТнын мөөнөтүн жылдыруу каралбаганын, бардыгы коронавирус боюнча абалга жараша болорун белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/okuuchular-iyun-iyul-ajlarynda-dagy-okujbu-ministrliktin-zhoobu
Добавить комментарий ×