Окуу жылынын кеч башталышы мугалимдердин айлыгына таасир бербейт

13 август 2021 12:00 1751 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаңы окуу жылынын башталышынын 15-сентябрга жылдырылышы мугалимдердин айлыгына таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана каржы анализи боюнча башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында мугалимдердин айлык акысы дагы, эмгек өргүүсүнүн акысы дагы толук төлөнөт.

Эскерте кетсек, Билим берүү министрлиги буга чейин жаңы окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 15-сентябрга жылдырган болчу. Бул өлкөдөгү эпидемиологиялык жагдайдан улам келип чыкканы айтылган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/okuu-zhylynyn-kech-bashtalyshy-mugalimderdin-ajlygyna-taasir-berbejt



Добавить комментарий