Окумуштуулар: Тибеттен адамзатка белгисиз жаңы 28 вирус табылды

23 июль 2021 09:29 2167 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Окумуштуулар Кытайдагы Тибет платосунан алынган 15 миң жылдык эки муз үлгүсүн изилдеп чыккандан кийин ондогон байыркы, буга чейин адамзатына белгисиз болгон вирустарды табышты.Изилдөөнүн жыйынтыктары Microbiome журналына жарыяланганын “Барометр” билдирет.

Американын Огайо штатындагы университеттин биологдору 2015-жылы Кытайдын батышынан алынган, жаш курагы 15 миң жылдык муздун курамын изилдеп чыгып, андан 33 вирустун генетикалык кодун аныкташты. Анын төрттөө илимде белгилүү болсо, 28 вирус таптакыр жаңы аныкталды.

Муз мөңгүлөрү Жердин тарыхы тууралуу эң ири маалыматты камтыйт.

“Бул мөңгүлөр акырындап калыптанат жана көптөгөн вирустар чаң жана газ менен кошулуп анда сакталып катып кала берет”,-деп айтты микробиолог Чжи-Пинг Чжон.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-tibetten-adamzatka-belgisiz-zhay-28-virus-tabyldy



Добавить комментарий