Окумуштуулар коронавирус менен натыйжалуу күрөшүү ыкмасын табышты

1 апрель 2020 11:24 1816 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Гонконг университетинин окумуштуулары ооруп чыккан адамдын канын ооруп жаткандарга куйса дарылоодо жакшы натыйжа бере турганын айтышууда. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

Адистер сириянын алтын түстүү хомяктарына эксперимент жасашты. Алардын ACE2 белогу адамдардыкына окшош келет. Дал ушул белок аркылуу коронавирус адамдын организмине кирери айтылууда.

Жаныбардын организмине SARS-COV-2 вирусу атайылап киргизилген. Оору жуккандан кийин хомякта COVID-19 вирусунун оор белгилери байкалган. Бирок арадан жети күн өткөндөн кийин айрымдарынын абалы жакшырып, организми антитела иштеп чыга баштаган.

Андан кийин окумуштуулар вирус менен ооруган жаныбарлардын канын алып, дени сактарына куюшкан. Андан кийин хомяктарга кайта коронавирус атайылап жуктурулган. Бул учурда оору жуккан жаныбарлар аны жеңил гана өткөрүп, оорунун оор белгилери байкалган эмес.

Учурда окумуштуулар бул экспериментти кишилерге жасоо үчүн уруксат күтүп жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-koronavirus-menen-natyjzhaluu-krsh-ykmasyn-tabyshty



Добавить комментарий