Окумуштуулар коронавирус адамга биринчи жолу кандай жукканын аныкташты

16 апрель 2020 09:32 3118 Barometr
Бөлүшүү:
ok

SARS-CoV-2 коронавирусу жарканаттардан кишиге жолбун иттери аркылуу жугушу ыктымалдыгын айтышты. Мындай жыйынтыкка Канаданын Оттава университетинин окумуштуулары келишкен.

Окумуштуулардын айтымында, жарканаттан тараган вирустун жайылышын жолбун иттер шарттаган. Инфекция итке жугуп, ал жактан эволюция болуп кишинин иммундук системасына каршы тура алгандай деңгээлге жеткен.

Бул тууралуу коронавирустун изилдөөгө алынган бөлүктөрү айтып турат.

Илимпоздордун соңку иликтөөлөрүнө ылайык, коронавирус бир гана өпкөнүн жабыркатпастан, адамдын ашказанына дагы терс таасирин тийгизет.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус 2 миллиондон ашык кишиге жугуп, 134 миңден көп адамдын өмүрүн алды.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-koronavirus-adamga-birinchi-zholu-kandaj-zhukkanyn-anyktashty



Добавить комментарий