Окумуштуулар: эки жумага эмгек өргүүсүн алган ден соолугу чың адамдар тез өлөт

6 май 2019 14:26 18628 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Хельсинки университетинин кардиологдору 40 жаштан өткөн 1222 адамды изилдөө жүргүзүп көрүшүп таң калыштуу жыйынтыкка келишти. Бул тууралуу news.com. кабарлады.

Изилдөө көрсөткөндөй, жетишерлик эс албаган адам менен  өлүм көрсөткүчүнүн ортосундагы байланыш катуу болору аныкталды. Кардиологдор жыл сайын ала турган эмгек өргүүсүнүн мөөнөтүн азайтуу өлүмгө алып келерин эскертишти.  

Кыска убакыт эмгек өргүүсүн же отпукасын алган дени сак адамдар ооруп, бирок  бир ай эс алган адамдарга караганда көп каза болору аныкталды. 

Ден соолукту мындай коркунучка салбаш үчүн биз жылына эң аз дегенде төрт апта даана эс алуубуз керек экен. Кыска отпуска алган адамдар саламаттыгы чың жашоо образына карабай эрте көз жума турганы такталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-eki-zhumaga-emgek-rgsn-algan-den-soolugu-chy-adamdar-tez-lt



Добавить комментарий