Айда күчү 5 баллдан ашкан титирөөлөр болуп жатат
Иликтөөлөрдө акыркы жүз миллион жылдардын ичинде акырындык менен муздаган Ай 50 метрге кысылганы, анда титирөөлөр болуп жатканы белгилүү болгонун news.com сайты жазды.
Окумуштуулар жеңил бырыштары болгон мейизге окшоштурушкан Айда Рихтер шкаласы боюнча күчү беш баллга жеткен титирөөлөр болуп жатканын кошумчалашкан.
Мындай көрүнүштөр активдүү болуп жатканын Жер жана башка планеталарды изилдөө борборунан окумуштуу Томас Уоттерс билдирген.
Изилдөөлөрдө Аполлондун астронавтары Айдын бетинен 1969-1977-жылдар аралыгындагы алган сейсмометрлар каралган. “Жаракалар бул жер титирөөлөрдөн пайда болушу мүмкүн. Андан улам сейсмометрлер Ай тектоникалык жактан активдүү деген жыйынтыкка келишти”,– деген Уоттерс.
Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-aj-titirep-zhatat
Добавить комментарий ×