Марста күйүп турган таң калыштуу объект табылды

7 июль 2021 15:57 798 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ушул жылдын 24-июнунда НАСАнын Perseverance (SOL 122) марсоходу таң калыштуу сүрөттү тартып алган. Анда күндүн нуру цилиндр формасындагы объектке чагылышып нур чыгарып турганын көрүүгө болот.Бул тууралуу “BEHIND THE SCENES” каналына шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.

Мындан тышкары 30-июнда НАСАнын Curiosity (SOL 3163) марсоходунун Curiosity Rear Hazcam камерасы марстын бетинен дароо эки объекти бир эле убакытта сүрөткө тарткан. Бирок биринчи сүрөттө ак объект көрүнсө, экинчи сүрөттө көрүнбөй калган.

Ал эми 1-июлда Perseverance (SOL 129) марсоходу таштардын арасында турган фигруларды тартып калган. Алар жөн гана көлөкөбү же чыны менен  марстын тургундарынын таң калыштуу сөлөкөттөрбү учурда изилдеп жатышат.


Ссылка: https://barometr.kg/marsta-kjp-turgan-ta-kalyshtuu-obekt-tabyldy



Добавить комментарий