Окумуштуулар адамды картайтпай сактап кала турган даары ойлоп табышты

2 сентябрь 2020 10:23 1825 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кошмо Штаттардагы Бактын Карылыкты Изилдөө Институтунун окумуштуулары альфа-кетоглутар кислотасы (АКГ) жаш өткөндө пайда болчу өнөкөт оорулардын жана карылыктын алдын алууга жардам берерин аныкташты. Бул тууралуу Cell Metabolism журналына шилетеме бери “Барометр” которду.

Маалыматта, изилдөөнү чычкандарга жаслаганы айтылат. Кошулма чычкандарга эффективдүү экени далилденди. Адистер АКГ адамдардын да активдүү жашоосун узартуучу дары болушу мүмкүн деп үмүттөнүшөт.

Изилдөөчүлөр организмге кальций тузу түрүндөгү тамак-аш менен жеткирилген АКГ,  жумуру курттардын өмүрүн узартып гана тим болбостон, чычкандарда ден-соолуктун узак болушун шарттайт. 

Белгилүү болгондой, адамдарда AKG деңгээли 40 жаштан 80 жашка чейин он эсе төмөндөйт. Бул кошулманы тамак-аш менен толуктоого болбойт, бирок азык-түлүк кошулмаларын ичсе болот.

Изилдөөнүн жыйынтыгында тогуз ай AKG кошулмасы берилген ургаачы чычкандын ден-соолугунда кыйла жакшыруу байкалган. Ал эми 11 айдан кийин эркек чычкандан да жакшы жыйынтыгын берген.

АКГ албаган чычкандарда карылыктын белгилеринин фенотиптик көрүнүшү пилоэрекция, теринин түсүнүн өзгөрүүсү жана анын абалынын начарлашы, басуунун бузулушу, угуу жөндөмүнү азайышы жана башкалар төмөндөгөнү далилденген.

"АКГны азык-түлүк кошулмалары менен узак убакытка чейин колдонуу адамдын картайышына таасирин тийгизип-тийгизбесин текшерүү үчүн дагы бир нече изилдөө жүргүзүү керек", - дешти авторлор.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-adamdy-kartajtpaj-saktap-kala-turgan-daary-ojlop-tabyshty



Добавить комментарий