Октябрь окуялары боюнча алгачкы сот качан өтөрү айтылды

18 октябрь 2021 16:11 3036 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 18-октябрда 2020-жылдын октябрь окуяларына байланыштуу иш боюнча уктуруу аяктады. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

2-ноябрда соттун алгачкы жыйыны болот. Процесс ачык режимде өтөт.

Аталган кылмыш иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы аппарат башчысы Фарид Ниязов, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, активист Жеңиш Молдокматов, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев жана “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков фигурант болууда.

Ссылка: https://barometr.kg/oktyabr-okuyalary-boyuncha-algachky-sot-kachan-tr-ajtyldy



Добавить комментарий