Ар облустун кире беришинде жарандарды дарыгерлер текшерүүдө

22 март 2020 18:19 1469 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын 7 облусуна санитардык-карантиндик пост орнотулат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Штабдын маалыматы боюнча 14 пост орнотулат:

  • Баткен облусунда – 1 пост (Караван айылы);
  • Ош облусунда – 4 пост (Кара-Суу районунун Жапалак жана Мады айылдары, Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылы);
  • Жалал-Абад облусунда – 1 пост (Чычкан посту);
  • Талас облусунда – 1 пост (Талас районунун Көпүрө-Базар айылы);
  • Нарын облусунда – 1 пост (Кочкор районунун Сары-Чат айылы);
  • Ысык-Көл облусунда – 1 пост (Кубакы посту);
  • Чүй облусунда – 5 пост («Сосновка», «Маловодное», «Киргшелк», «Ак-Жол», Алматы-айланма жол посттору).

Санитардык-карантиндик посттор 2 нөөмөттө күнү-түнү иштешет.

Аталган посттордо ӨКМ, ИИМ органдарынын, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдары болот.

Ал учурда социалдык тармакта облустардын кире беришиндеги абал тууралуу фотографиялар социалдык тармакта жарыяланды.


Ссылка: https://barometr.kg/oblastarga-kire-berishte-zharandardy-darygeler-teksherd-kajsy-zherde-blokposttor-koyuldu



Добавить комментарий