Нью-Йоркто коронавирустун "йота" деп аталган өтө жугуштуу түрү табылды

11 август 2021 10:43 1089 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нью-Йоркто коронавирустун "йота" деп аталган өтө жугуштуу жаңы штаммы аныкталды. Бул тууралуу Life.ru. булагына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

Жаңы штамм тууралуу Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси, медицина илимдеринин доктору Сергей Токарев MedRxiv порталына таянуу менен кабарлады.

Токаревдин айтымында, "йота" штаммынан каза болгондор 82 пайызга чейин жетиши мүмкүн, көбүнчө жаш курагы 45 жаштан жогорку адамдарды жабыркатат, башка мутацияларга салыштырмалуу ал 25 пайызга тез жугат. Ошондой эле ал көбүрөөк патогендүү жана жугуштуу болуп саналат.

Окумуштуулар коронавирус мутациясын улантат жана жаңы штаммдар пайда боло берет деп эсептешүүдө.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/nyu-jorkto-koronavirustun-jota-dep-atalgan-t-zhugushtuu-tr-tabyldy



Добавить комментарий