Нурсултан Назарбаевдин небереси турмушка чыкты
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин небере кызы Венера турмушка чыкты. Бул тууралуу Казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Венера Аль Фараби атындагы Казак Улуттук Университетинин юридикалык факультеттин бүтүрүүчүсү 22 жаштагы Дален Чайжунусов аттуу жигитке баш кошту. Президенттин кызы Дарига Назарбаеванын жалгыз кызы Венера искусство жана коомдук байланыш адистигин окуган.
Үйлөнүү үлпөт тою Алматыдагы беш жылдыз отельдердин бири Ritz-Carltonдо өттү. Президент жубайы менен бирге эки жашка батасын берди.
Жаштарды куттуктап жергиликтүү ырчылар чогулушкан жана Орусиялык ырчы Филипп Киркоров дагы чакырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/nursultan-nazarbaevdin-neberesi-turmushka-chykty
Добавить комментарий ×