Нурмагомедов жыйынга кечиккен Макгрегорду күтпөстөн жыйындан кетип калды
Бүгүн, 5-октябрга караган түнү Американын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында UFC 229 турнириндеги негизги беттештин катышуучулары Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун маалымат жыйыны уюштурулду. Бул жыйынга россиялык Хабиб Нурмагомедов өз убагында келген. Ал эми атаандашы Конор Макгрегор жыйынга кечиккендиктен Нурмагомедов аны күтпөстөн кетип калды. Атаандашы 27 мүнөткө кечиккен.
Хабиб Нурмагомедов журналисттер менен күйрмандардын суроолоруна жооп берип “Мен Конорду күтүүгө убактым жок. Менин убактым чектелген жана ар бир сааты пландалган. Маалымат жыйын эчак башталган. Эгер кимдир бирөө кечигип жатса, бул анын жеке маселеси", - деп жыйын өтүүчү залдан чыгып кетти.
Андан 10 мүнөттөн ашуун убакыттан кийин Конор Макгрегор келди.
Белгилей кетсек, эки мушкердин беттеши Лас-Вегас шаарында 6-октябрда өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/nurmagomedov-zhyjynga-kechikken-makgregordu-ktpstn-zhyjyndan-ketip-kaldy
Добавить комментарий ×