Нурлан Насиптин тортундагы микрофонго окшоштурулган жасалга кыздардын бүйүрүн кызытты

12 сентябрь 2019 17:47 15570 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Социалдык тармакта эстрада жылдызы Нурлан Насиптин туулган күнүнө арналган торттун үстүндөгү микрофонго окшош кооздомо кызуу талкууга түштү.

Эки күн мурда Нурлан Насип 29 жашка чыгып, туулган күнүн белгилеген. Ал күнү жакындары кантип куттуктаганы тууралуу социалдык тармакка видео жана фото жүктөгөн.

Сүрөттөрдүн биринде үстүндө күмүш түстөгү микрофонду элестеткен кооздомо коюлуп кабатталып жасалган торт турат. Сүрөттөгү бул көрүнүш соцтармактын колдонуучуларына өзгөчө кызыкчылык жараткан. Кооздомо микрофонго окшошпой калган дегендер да бар.

Ошондуктан күйөрмандар ырчынын жубайы Асель Кадырбековадан чындап эле микрофонду элестеткен жасалгабы же башка мааниси барбы деген суроолорун жаадырышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/nurlan-nasiptin-tortundagy-mikrofongo-okshoshturulgan-zhasalga-kyzdardyn-bjrn-kyzytty



Добавить комментарий