Нурлан Насип жубайы Асель Кадырбекова менен Түркияга учуп кетти

21 январь 2021 16:30 23831 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Нурлан Насип жубайы Асель Кадырбекова жана кызы менен чет өлкөгө учуп кетти. Бул тууралуу ырынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Нуралан Насип үй-бүлөсү менен бүгүн, 21-январда таңга жуук чет өлкөгө учуп кетти.

Буга чейин, ал жаңы жылдан кийин жубайы Асель Кадырбекованы Түркияга дарыланууга алып барып келерин айткан.

Азырынча жылдыздуу түгөйлөр эмне максат менен кетип жатышканын айтыша элек.

Ал ортодо, ырчылардын күйөрмандары Асель Кадырбековага ден соолук каалап, мыкты дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, Кыргызстанга жакшы жаңылык менен кайтышын каалап кетишти.

Эскерте кетсек, Асель Кадырбекова 2020-жылдын жай айында жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн. Бир нече күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, ага оор операциялар жасалган. Кырсыктын кесепетинен дагы да болсо калыбына жакшы келе албай жатканын айткан жубайлар, чет өлкөдөн дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп келерин айтып келишкен. 


Ссылка: https://barometr.kg/nurlan-nasip-zhubajy-asel-kadyrbekova-menen-trkiyaga-uchup-ketishti



Добавить комментарий