Нурлан Насип Түркиядан турак жай алат

17 июнь 2021 09:23 17911 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Эстрада ырчысы Нурлан Насип Жер Ортолук Деңиз боюнан үй сатып алат. Бул тууралуу ырчы мырзанын  соцтармактагы баракчасына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалыматка ылайык, учурда Түркияда жүргөн ырчы жаңы чыгармасына клип тарттырууда.

"Жакшы жаңылыгым менен бөлүшкүм келип турат. Жаңы ырыма деңиз жээгинен клип тартуу үчүн келдим. Клипке түркиялык олигарх жана анын жубайы дагы тартылат.

Ошондой эле, ата-энем, өзүм жай мезгилин деңиз жээгинде өткөрүп, эс алуубуз үчүн Жер Ортолук Деңиздин жээгинен, Түркиядан турак жай тандайм. Бул үчүн эл аралык компаниялардын бирине кайрылдым", - деп жазган ал. 


Ссылка: https://barometr.kg/nurlan-nasip-trkiyadan-turak-zhaj-alat



Добавить комментарий