Нурлан Насип кызына өзгөчө ысым ыйгарды."Өзүңдүн балаңды көтөргөн өзүнчө бакыт тура"
Маалым болгондой, 27-март күнү тунү жылдыздуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова кыздуу болушкан эле. Бүгүн, 31-мартта Нурлан колуктусу Асель менен кызын үйүнө алып чыкканын билдирди. Ырчы туң наристесине Дария деген атты тандап алганын да айтты.
"Кудайга чексиз шүгүрлөр болсун. Менин кызым Дария. Өзүңдүн балаңды көтөргөн өзүнчө бакыт тура", -деп Нурлан Насип ата болуу сезимдери бөлүшүп көпчүлүктүн куттуктоолоруна рахмат айтты.
Ырчынын күйөрмандары, жакын санаалаш достору дагы да болсо куттуктоолорун, жакшы каалоо-тилектерин арнаганды улунтууда.
Эске салсак, Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова 2018-жылдын май айында баш кошушкан.
Ссылка: https://barometr.kg/nurlan-nasip-kyzyna-zgch-ysym-yjgardy-zdn-balady-ktrgn-znch-bakyt-tura
Добавить комментарий ×