Нурлан Насип: "Буюрса жакында үчөөбүз болгону турабыз"

19 март 2019 18:38 2124 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 19-март ырчы Асель Кадырбекованын туулган күнү. Ырчынын жакын санаалаштары, сахналаштары жана достору куттуктоо сөздөрүн айтышууда.

Алардын катарында жолдошу Нурлан Насип да өзунүн инстаграмдагы жеке баракчасына жубайын куттуктаган постун жазып чыкты.

Ал өз постунда:

"Жубайым туулган күнүң менен. Убакыттын өткөнүн карачы былтыр ушул күнү толкунданып колуңду сурап турмуштун чоң жолдоруна бирге аттандык эле, мына эми буюрса жакында үчөөбүз болгону турабыз. Жараткандан аман-эсен көз жарып алышыңды. Мен сени жакшы көрөм күчүгүм, туулган күнүң кут болсун", -деп куттуктоосун жазып чыкты.

Ал арада эки жаштын күйөрмандары да куттуктоо сөздөрүн жаадырууга жетишишти.

Эске салсак, 2018-жылдын 19-мартында Нурлан Аселдин колун сурап аз өтпөй экөө баш кошушкан эле. Эми минтип тун наристесин күтүп олтурган чагы.

Ссылка: https://barometr.kg/nurlan-nasip-buyursa-zhakynda-chbz-bolgonu-turabyz



Добавить комментарий