Талас районунун акими: Жерүйдө технологиялык процесс коопсуз

14 октябрь 2021 17:34 3419 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 14-октябрь күнү Жерүйгө Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев, анын биринчи орун басары Адилет Жолдошев жана бир катар райондук мекемелердин жетекчилери барып, «Альянс-Алтын» ишканасынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып чыгышты.Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

Алгач Жерүйдүн калдык сактоочу жайында болушуп, ал жерди жеринен көрүштү.

Кең иштетүүчү жайдын башкы технологу Нурлан Мамырбаев калдык сактоочу жайдагы коопсуздук чарасы тууралуу айтып, зыяндуу заттар кантип кайра иштетүүдөн өтүп, зыянсыздандыруу процесси тууралуу маалымат берди:

«Биз учурда жаңы технология менен иштеп жатабыз. Бул калдык сактоочу жай жарым кургак жана эч бир зат жер кыртышына сиңбейт. Бул жерден чыккан суудагы кайра иштетилип, колдонулат. Экологиялык коопсуздук чаралары жана кызматкерлердин коопсуздугу биз үчүн биринчи кезекте турат» деди ал.

Өз сөзүндө Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев:

«Биздин бүгүн келгенибиздин себеби, ар кандай жыйындарда эл тарабынан Жерүй кенине байланыштуу тынчсыздандырган суроолор болуп калат экен. Биз эртең эл алдында туура жооп берүү үчүн, элге туура маалымат жеткирүү үчүн өзүбүз келип,  жеринен иши менен таанышууну туура көрдүк. Көп учурда адис болбогондон кийин, түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Мына бүгүн жеринен көргөндө, иштетилип чыккан калдыкты колубуз менен кармап көрдүк. Бул жерде баары ачык айкын кандай жол менен зыянсыздандырылат маалымат алдык. Эртең иш процесси боюнча суроолор жаралса, бизде түшүнүк болот. Жерүйдүн ишине колубуз келишинче жардам беришибиз керек. Анткени ушул жактан түшкөн соц.пакет жана салыктардын эсебинен элге чоң долбоорлорду ишке ашырып, жумуш орундарын түзүп, кайрадан ал ишканалар мамлекетке салык төлөп пайда алып келет. Канчалык бизде өндүрүш көп болсо, элге пайда»,- деди ал.

Иш-чаранын алкагында Жерүйдөгү кадр саясаты жана экологиялык коопсуздук боюнча тегерек стол өттү.

Тегерек столдо «Альянс-Алтын» өз колдоосу менен кызматкерлерди окутканы жана жумушка орноштуруу кандай этап менен болот айтылды.

«Жумушка кирүү үчүн алгач ваканттык орунга ылайыктуу резюме алынып, андан соң, кызматкерлерге мотивация берүү максатында сынак өтөт. Сынак тестирлөө тартибинде жүргүзүлөт. Компаниянын компетенттүүлүгүнө жараша, эч кандай тууган аркылуу кызматка кирүү каралбайт. Иштеп жаткан кызматкерлердин көп пайызын жергиликтүү Талас облусунун тургундары, анын ичинен Бекмолдо айыл аймагынын тургундары түзөт. Эгерде жумушка ваканттык орун болсо, биринчи айыл өкмөткө айтылып, андан соң, атайы социалдык булактарга жарыяланат» деп билдиришти.

Ссылка: https://barometr.kg/nurlan-mamyrbaev-ekologiyalyk-koopsuzduk-charalary-biz-chn-birinchi-kezekte-turat



Добавить комментарий