Нуркыз Кожонова: "Жөн эле досум менден итчилик кетти деп койсо мен унчукмак эмесмин да"

22 апрель 2019 17:18 3415 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Нуркыз Кожонова менен клипмейкер Эрнис Сыдыковдун ортосундагы пикир келишпестик интернет булактарына тарап чоң талкуу жаратууда. Бул тууралуу Нуркыз Кожонова Barometr.kg сайтына берген маегинде айтып берди.

-Нуркыз айым акыркы учурда сөз болуп жаткан пикир келишпестиктер тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

-Биз клипти тартып келгенибизге 11 ай болду. Мен деле жөн жерден эле мындай интервьюларды берип жаткан жокмун. Клипти Анталиядан тартканбыз. Ошондон ушул күнгө чейин клип аягына чыкпайт же Эрнис менен байланыша албайм.

-Сиз баракчаңызга пост чыгаргандан кийин Эрнис Сыдыков тарабынан кандайдыр бир реакциялар болдубу?

-Мен анын акчасын бере элек дегенине жиним келип жазгам. Эрнис дагы деле мен чалсам жооп бербейт. Журналисттерге гана бүтүрүп бергем деп айтып жатыптыр. Мен Эрнис менен биринчи жолу иштештим да, өзү азыр мага чалып да койгон жок, мен да чалган жокмун. Жөн эле досум менден итчилик кетти деп койсо мен унчукмак эмесмин да.

-Бир жолу бүтүрүп сизге бергендиги тууралуу да маалыматтар тарап жатыптыр буга кандай дейсиз?

-Буга чейин ал клипти бүтүрүп телеканалга жөнөткөндөгүсүндө техникалык жактан катачылыктар кеткен экен. Аны өзүбүздүн менеджер оңдогонго болбойт экен, ага ошол тартылган проектилер керек экен. Анан ошолорду бергиле десем өзүбүз оңдоп беребиз дешкен. Бирок оңдоп да бербей коюшканынан, Баяман Осмонов деген оператор иниси бар, ошол оңдоп анан жибериптир.

-Ошондо азыркы учурда сиз клипти колуңузга алдыңызбы?

-Жок Баяман клипти бүтүрүп туруп бир каналдын почтасына эле салып коюптур. Мен аны көрө элекмин. Мен учурда Жалал-Абадда ата-энемдикинде болгондуктан алып кете албай жатам. Баяман Осмонов аны почта аркылуу эле жөнөткөн, аны ошол канал көрүп карап чыккандан кийин башка каналдарга берүүгө болот. Аны биз өзүбүз чуркап оригиналын алып кетишибиз керек. Мен өз көзүм менен көрбөсөм, колума албасам ал эмнеси деп ошого таң калып жатам да.

-Бул окуя тууралуу акыркы сөзүңүз?

-Адам кандай гана иш баштабасын жакшы болсо экен деген тилек менен баштайт. Мен Эрнистин жеке жашоосуна аралашпайм, ал жөнүндө кеп кылуудан да алысмын, бирок анын жумушу бонча айтаарым бир ишти баштадыбы демек башынан аягына чейин өзү бүтүрүшү керек болчу. Анткени жумушунун акчасын июнь айында алган. Бир жерде Кыргызстандагы чыгымдары тууралуу айтыптыр, ал албетте электр энергиясынын анан студиянын акчасы да. Менден электр энергиясы үчүн болбогон акчасын сураганда бүтүрүп колума берсең анан берем дегем, анткени менин ишеничим кетип калган. Буюрса клип жарыкка чыгат деп турам.

-Маегиңизге чоң рахмат!

Ссылка: https://barometr.kg/nurkyz-kozhonova-ernis-sydykov-menen-bolgon-pikir-kelishpestigi-tuuraluu-zhn-ele-dosum-menden-itchilik-ketti-dep-kojso-men-unchukmak-emesminda



Добавить комментарий