Нурдан Орунтаев Жал кичи районундагы “Шашлычная 1” кафесин буздуруп жатат

31 июль 2023 14:54 1062 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан “Шашлычная 1” бузулууда. Бул тууралуу вице-мэр Нурдан Орунтаев жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Жал кичи районундагы “Шашлычная 1” кафеси да бузулуп жатат. 

Буга чейин, Орунтаев ижарага алуу нөөмөтү бүткөнүнө байланыштуу бузулган “Батуми” кафесинин жанындагы “Шашлычная” да алынарын айткан. 

Бузулган кафелердин ордуна шаардыктар эс алып отуруучу сквер курулары маалымдалган. 

Эскерте кетсек, Нурдан Орунтаев ижарага алуу нөөмөтү бүткөнүнө байланыштуу “Батуми” кафесин буздуруп салган. Бул коомчулукта кайчы пикир жаратып, жада калса УКМК башчысы Камчыбек Ташиев да кийлигишкен. Сот Орунтаевди кафенин ээсине келтирилген чыгымды төлөп берүүнү милдеттендирген. 

Ссылка: https://barometr.kg/nurdan-oruntaev-zhal-kichi-rajonundagy-shashlychnaya-1-kafesin-buzdurup-zhatat



Добавить комментарий