Нурболхан Шарапов кыз белгисин сатмак болгон Айнур тууралуу: Ага таш боордук менен мамиле кылышыптыр
Казакстандык куудул Нурболхан Шарапов "Өз ойым" ток-шоусуна чыгып бүт өлкөгө өзүнүн өзгөчө оюн айткан Айнур Жанибекованы университтетттен чыгарып салышканын, ага абайлап мамиле кылуу керек экенин айтты. Бул тууралуу nur.kz буагы маалымдады.
“Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин сутденти Айнурдун кебин угуп мен тынч тура албай, жүрөгүм чыдабай анын ата-энеси жана жакындары менен байланыштым. Аларды таап баарлаштым. Баардык чындык бул видеодо экен. Кызга анын боелугунан жана тажрыйбасы жоктугунан пайдаланып таш боордук менен мамиле кылышыптыр.
Эми эмне кылабыз, Айнурду университеттен чыгарып салышты. Ата-энеси элдин бетин карай албай отурат.
Урматтуу Айнурдын ата-энеси ага кечиримдүү болуңуздар. Анын айтканын угуңуздар. Ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүңүздөр”,-деп жазды өзүнүн соцбаракчасына куудул.
Мындан тышкары куудул аталган жогорку окуу жайдын ректоруна кайрылган.
“Урматтуу Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин ректору Тахир Оспанович, Айнурдун бала кыялын кечирип коюңуз анын мындан ары окушуна мүмкүндүк бериңиз!
Кымбаттуу Айнур! Карындашым сен чоң ката кетирдик, мындай ишке эч качан барба!”,-деп кайрылды Шарапов.
Эскерте кетсек, бир аз күн мурда казакстандык студент кыз Айнур Жанибекова түз эфирде өзүнүн кыз белгисин 2 миллион теңгеге сатууну пландап жатканын айтып бүткүл казак элин чуулдаткан жана катуу сынга кабылган.
Добавить комментарий ×