Нурбек Изабеков: Айсулуу Тыныбекова “жылдыз” оорусуна чалдыгып калабы деп тынчсызданам

28 сентябрь 2019 19:35 9314 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын кыздар күрөшүнүн башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованы “жылдыз” оорусуна чалдыгып калат деп тынчсызданат. Бул тууралуу ал “Barometr.kg” сайтынын кабарчысына маек берип жатып билдирди. Ал Айсулуу Кыргызстандын тарыхына жаңы из салганын, бул зор сыймык экенин айтты. Президент, Өкмөт башчы кабыл алды. Дагы бир катар маанилүү жолугушуулар болгон. Эми мунун баарын токтотуу зарылдыгын, мындай көрүнүш улана берсе, спортчунун койгон максатына болгон умтулуусун, аракетин бошоштуруп коюшу мүмкүн деди. 

“Дүйнө чемпиону болуп биз зор ийгилик жараттык. Бул чек эмес буюрса. Алдыда чоң мелдеш - Олимпиада оюндары турат. Ал спортто эң чоң бийиктик. Бул биздин эң негизги максатыбыз. Ошого даярдык көрүшүбүз керек. Айсулууну эл алдына чыгара берип, назар түшүп, көз тийип дегендей, спортчуну нугунан чыгарып, спорттун тили менен айтканда “жылдыз” оорусуна чалдыгып калбасын деп радио, ТВларга чыгарбай жатабыз. Муну Айсулуу өзү жакшы түшүнөт. Эл да, коомчулук, журналисттер да туура түшүнүшү керек. Ошондуктан мен дүйнөлүк чемпионаттан кийин ЖМКларга маалымат берүүгө кээде мен өзүм жалгыз эле барып жатамын”, - деди Нурбек Изабеков.

Машыктыруучу ошондой эле, Айсулуу азырынча ден соолугун калыбына келтирип эс алып жатканын, жакынкы аптада машыгууга билек түрүнө кирише турганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 62 кило салмакта чемпион болгон. Бул эгемен Кыргызстандын спорт тарыхындагы эң жогорку жетишкендик болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/nurbek-izabekov-ajsuluu-tynybekova-zhyldyz-oorusuna-chaldygyp-kalaby-dep-tynchsyzdanam



Добавить комментарий