Нурбаев: Арка, Жаштык, Максат айылдарында акушер жок экен
Бөлүшүү:
Арка, Жаштык жана Максат айылдарында акушер жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 10-июндадагы жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев айткан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Жакында эле Баткенге премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр барды. Бирок бир чоң маселе турат Арка, Жаштык, Максат айылдарында акушер жок экен. Бир медайымды коюп койгон дейт. 80 километрге төрөткөнү алып барат экен. Ушул нерсени чечиш үчүн мыйзам керекпи? Саламаттыкты сактоо министри деле барып атат. Бир дарыгер жөнөтүп койсо болбойбу?”, - деди депутат Абдывахап Нурбаев.
Ссылка: https://barometr.kg/nurbaev-arka-zhashtyk-maksat-ajyldarynda-akusher-zhok-eken
Добавить комментарий ×