Нуракун уулу: Кыргызстанда Түркмөндөй хандык орнойбу же парламентаризмди сактап калышыбыз керекби

22 октябрь 2020 09:27 1237 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кече, 21-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев өлкөнүн президенттик башкаруу формасына өтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө терс пикирин билдирген. Ага утурлай эле Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын мурунку башчысы Ибраим Нуракун уулу да биздин өлкө президенттик башкаруу системасына өтсө кандай тагдыр күтүп турары тууралуу оюн айтты. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Кыргызстанда Түркмөндөй хандык орнойбу же парламентаризмди сактап калабызбы? Саясатчылардын алпы, бүгүн, депутаттарга сүйлөгөн жок, жалпы кыргыз элине кайрылгандай болду. Туура жолду эл өзү тандашы керек болот. Дүйнөнүн прогрессивдүү бөлүгү да байкоо салып турат. Артка кетсек, анда парламенттик демократияга ишенгендердин үмүтү биротоло өчөт. Биздин шартта бир-эки жыл эмес, бир айдан кийин эле бир адамдын колун өбө башташат. Андайлар көп. Алар жана алардын балдары президент Акаевден бери эле кол өөп көнүп калышкан. Алар кимдин колу болсо деле өбө беришет - баары бир. Эң негизгиси, ошол кол хандын колу болсо жетиштүү. Өбө берип колду да, ханды да чиритишет. Ооздору иштебей калганча өбүшөт. Баёо кыргыз элим төшүн окко тосуп болсо да, аларга уламдан улам эле жаңы ханды өбө турган жерге олтургузуп бере берет. Алар болсо, эскисин заматта эле сатып, жаңысынын колдорун уулуу шилекейлери менен чирите баштайт”, - деди Нуракун уулу.

Ал Кыргызстан отуз жылдан бери кошоматчылардан арыла албай, эл эптеп жасап койгон төңкөрүшкө кайра эле мурункулар ээлик кылып алып жатканына токтолду.

“Отуз жылдан бери кол өпкүчтөр кызматтан кызматка көкөлөй берип, майлуу-сүттүү жерлердин баарынын кунарын качырышты. Элибиздин жаркын келечекке жетебиз деген үмүттөрү кол өпкүчтөрдүн хан сарайларына, дүкөн-ресторан, жиптерине айланды. Аларды көрүп алып, өппөгөндөр да өбүүнү чечти.  Акыры келип, баары бир өбөт экенбиз, бу парламентти деле өпкүчтөрдүн уюгуна айлантып албайлыбы, деген гениалдуу идеялар чыга баштады.

Тарыхый күндөрдө жашап жатабыз.  Же биз  ар намыстуу эл катары дүйнөнү дүңгүрөтөбүз, же башыбызды шылкыйтып, кара курсактын кулу болуп беребиз”, деп кошумчалады ал.

Ссылка: https://barometr.kg/nurakun-uulu-kyrgyzstandatrkmndj-handyk-ornojbu-zhe-parlamentarizmdi-saktap-kalyshybyz-kerekbi



Добавить комментарий